• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте 7-апрель көчөсүнө альтернатива боло турган Ахунбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки көчө пайда болот

15 Баш оона 202515:00 Бишкек Govori.TV

Борбор калаада көпүрө курулгандан кийин 7-апрель көчөсүнө альтернатива боло турган Ахунбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки көчө пайда болот. Бул тууралуу 14-августта Бишкек мэриясынын Транспортту өнүктүрүү жана жол-транспорттук инфраструктура департаментинин адиси Мирлан Калыков «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

«Шүкүров көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чыгуучу көпүрө куруу пландаштырылууда. Ал жерден Кара-Дарыя көчөсүнө чыгууга болот», — деп белгиледи адис.

Көпүрөнүн курулуш мөөнөтүн ал айткан жок. Калыков 2025-жылдын аягына чейин Аламүдүн дарыясы аркылуу өтүүчү Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнү оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүү пландаштырылып жатканын, ал Учкун конушу менен Аламүдүн-1 кичи районунун ортосунда жайгашканын, ошондой эле ал жерге жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынарын кошумчалады.

Количество просмотров: 129