• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте 7 жаран диний-экстремисттик уюмга мүчө болуудан баш тартты

3 Тогуздун айы 202417:19 Бишкек Govori.TV

Диний-экстремисттик агымдарга каршы күрөшүүнүн алкагында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК диний-экстремисттик агымдардын идеологиясын жайылтууга каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарындагы «Йакын инкар» ДЭУнун активдүү 7 мүчөсүнө түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүздү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө аталган жарандар «Йакын Инкар» ДЭУнун идеологиясынын зыяндуулугун жана жаңылыштыгын толук моюнга алышты, ошондой эле өз ыктыяры менен аталган диний-экстремисттик агымга мүчө болуудан баш тартышты.

УКМК диний-экстремисттик уюмдардын жана агымдардын идеологиясын жайылткандыгы үчүн КР мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Количество просмотров: 124