• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкекте 8 айлык наристеден COVID-19 аныкталды

31 Жалган куран 202111:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 30-мартта 8 айлык наристеден коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Маалыматка караганда, коронавирус инфекциясы 8 айлык наристеге эжесинен жуккан болушу мүмкүн.

«30-март күнү Бишкек шаарында 48 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Алардын арасында 8 айлык наристе да бар. Анын эжесинен аталган илдет аныкталып, үйдө дарыланып жаткан. Эжеси менен контакт болгондуктан, наристеде илдет аныкталды. Бүгүнкү күндө наристенин абалы жакшы, үйүндө дарыланып жатат», — деди Айнагүл Рыскулбекова.

Количество просмотров: 51