• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкекте 9-класстын окуучусу таякталып каза болду

29 Бугу 201910:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарында жайгашкан № 48 мектептин окуучулары урушуп, натыйжада 9-класстын окуучусу каза болгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман кабарлаган.

Белгилүү болгондой, 28-майга караган түнү № 3 балдар ооруканасына денесинен түрдүү жаракат алган өспүрүм оор абалда келип түшкөн. Аталган оорукананын дарыгерлери дароо милицияга кабарлашкан.
Алдын ала алынган маалыматка ылайык, 27-майда окуучулар арасында пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишип, жабырлануучу өзүнө келбей каза болгон.

Учурда урушкандардын өздүгү такталууда деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 23