Бишкек.09.05.2019.Govori.TV.
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгы белгиленди.Иш-чаранын расмий бөлүгү Жеңиш аянтында өтүп, митинг-реквиемге президент Сооронбай Жээнбеков катышты.
Байтик Баатыр, Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде старт алган «Өлбөс полк» жүрүшүнө 70 миңден ашуун кыргызстандык жөө басып өтүштү.
Мамлекет башчысы баштаган бир катар жетекчилер өчпөс отко гүлчамбар коюшуп, кыргыз куралдуу күчтөрүнүн жүрүшү орун алды. Андан соң, Сооронбай Жээнбеков ардагерлерди куттуктап, согуш талаасында көрсөткөн эрдиги жана каармандыктары үчүн аларга ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, согуштун ардагерлери үчүн «аскер боткосу» берилип, согуш темасындагы концерт тартууланды.