• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкекте абанын тазалыгын аныктоочу атайы мониторинг жабдыгы орнотулду

3 Бугу 2019 16:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аба сапатына мониторинг жүргүзүү жабдыгын Бишкек шаарына орнотуп, аталган жабдык тууралуу журналисттерге толук түшүндүрмө берди.

«Биз бул жабдыкты сатып алуу үчүн 150 миң доллар сарптап, элчилик тарабынан Кыргызстандын элине булганычтын мониторингинин так маалыматтарын жеткиликтүү кылуу үчүн жылдык калибрлөөнү талап кылдык. Бул маниторлор миңдеген санда бүткүл дүйнө жүзүндө орнотулуп, аба сапатынын мониторинги боюнча эң ийгиликтүү платформасы болуп саналат»,- деди элчиликтин чарба боюнча башчысы Майкл Шиир.

Жана ошондой эле, аталган жабдууну элчилик кыргыз өкмөтүнө, мектептерге, уюмдарга абанын сапатын аныктоочу маниторун колдонууну сунуш кылууда.

Количество просмотров: 11