• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Бишкекте «Ачык коомчулук — ачык ЖМК» аттуу медиафоруму өттү

25 Жетинин айы 2020 18:01 Бишкек Govori.TV


Европа Биримдигинин «Коомдук кеңештердин жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнөктөштүгү ой-пикирлерди эркин билдирүү, отчет берүү жана адам укугун алдыга жылдыруунун демократиялык платформасы катары» долбоору Жалпыга маалымдоо каражаттарын «Ачык коомчулук – ачык ЖМК» темасындагы медиафоруму өттү.

Иш-чара 2020-жылдын 25-ноябрында саат 09:30дан 17:00гө чейин Бишкектин «Достук» мейманканасында өттү.

Медиафорумда долбоордун максаты жана тапшырмасынын бет ачары өтүп, «Кыргыз Республикасынын региондорундагы маалыматтык айдыңды орнотуунун ролу. Региондордо эмне болуп жатат?» аттуу иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы угулду.

Панелдик сессиялардын алкагында чакырылган катышуучулар ортосунда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ЖМК өкүлдөрү менен өз ара баарлашуусу, региондордо маалыматтык айдыңды орнотуу, Кыргыз Республикасындагы сөз жана ой-пикирди билдирүү эркиндиги суроолору боюнча пикир алмашуу болуп, иш-чарага мамлекеттик органдардын, ЖМКлардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, коомдук кеңештердин, эларалык уюмдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Долбоорду Густав Штреземан Институту (Германия), Pro NGO! e.V. (Германия), «Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбору» (Кыргызстан), «XXI Кылым мууну» коомдук фонду (Кыргызстан) бейөкмөт уюмдар Консорциуму жүзөгө ашырууда. Долбоор 2019-жылдын ноябрь айынан 2021-жылдын октябрь айына чейин Европа Биримдигинин колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.

Количество просмотров: 60