• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип, 4 жаран кармалды

20 Тогуздун айы 20192:08 Бишкек Govori.TV

Мындан 16 күн мурда дайынсыз жоголгон ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүрүүгө шектелип,төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алар ишкердин сөөгү Кочкор районуна көмүлгөнүн айтышкан. 

Белгилей кетсек, Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз делип ага издөө жарыяланган. Ал күнү Бишкектеги “Мадина” базарынан өзүнүн ак түстөгү жол тандабас BMW X5 унаасы менен чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болгон. Анын бир тууган, жакындары арыз менен милицияга кайрылган.

Ал эми айрым маалымат каражаттары маркум ишкер “Мадина” базарындагы “Мадина” кафесинин кожоюну болгонун жазышууда.

Количество просмотров: 148