• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте адам уурдоого шектүүлөрдүн бири кармалды

21 Чын куран 2022 14:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте адам уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин базарлардын биринде ак түстөгү унаа менен үч белгисиз адам азиат улутундагы адамдын денесине залал келтирип, күч менен унаага салып белгисиз жакка алып кетишкен видео тараган.

ИИМ тараткан маалыматка ылайык, кызмат жабырлануучунун, шектүүлөрдүн аты-жөнүн, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин алып барган. Белгиленген маалыматтар боюнча укук бузуу борбор калаанын базарларынын биринде болгон.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-бөлүмүнүн 2-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы кылмышты жасашкан шектүүлөрдүн бири — Жалал-Абад облусунда 1985-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон жаран С.А. кармалган.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда мындан аркы ыкчам издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары ишке ашырылууда.

Количество просмотров: 300