Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан «№1 ашканада» массалык уулануу болуп, айрымдары ооруканага түштү. Мамлекеттик санэпид көзөмөл борбору билдирген маалымат боюнча, окуя 25-26-майда болгон.
«Бул жарандар ашканага 25-26-май күндөрү барган. Бишкектеги ооруканаларга 13 адам, Токмоктогу ооруканаларга 9 адам барган. Бул бейтаптар аталган ашканадан бризоль тамагын жегенин айтып жатышат. Биз бул ишти териштирдик. Медициналык кароодон өткөрүп, жыйынтыгын күтүп жатабыз. Биз сальмонеллёз деп шектенип жатабыз. Норманы бузгандыгы үчүн ашканага 15 миң сом айып пул салынган, себептер такталганга чейин жана мыйзам бузуулар четтетилгенге чейин мекеме жабылган ”, — деп белгилешти мекемеден.