Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 60 камера орнотулуп жатат. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, камералар эл аралык донорлордун жардамы менен алынып келинди.
«Бул иш Бишкекте түзүлгөн «Командалык борборду» ишке киргизүүнүн алкагында аткарылууда. Министрлик аталган борбордун максаты — кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоо. Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 306 жерге видеокамера орнотуу пландалууда. Бул проекттин алкагында Бишкек шаарынын алты кичи районунда «Коопсуз район» долбоору ишке кирип, 72 камера коюлду. Жакын арада Бишкектин 11, 12 жана «Асанбай» райондоруна да видеокамераларды орнотуу каралууда»,-деп айтылат маалыматта.