ИИМдин академиясынын кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине таап беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиршти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-май күнү болжол менен саат 11:00дө ИИМ академиясынын кызматкерлери 4-кичи райондо Саякбай Каралаев көчөсүнөн адашып жүргөн 3-4 жаштагы баланы таап алышкан. Баланы таап алган милиция кызматкерлери ал тууралуу Октябрь райондук милиция бөлүмүнө кабар беришкен.
«Учурда бала ата-энесине кайтарылып берилди. Баланын апасы өз алдынча издөө иштеринен майнап чыкпагандан кийин саат 10:30да Октябрь райондук милиция бөлүмүнө кайрылган», — деп айтылат маалыматта.
Баланын апасы уулун таап бергендиги үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.