• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте адвокат Икрамидин Айткулов кармалды

22 Баш оона 2019 23:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.08.2019. Govori.TV

Адвокат Икрамидин Айткулов кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактан белгилүү болду.

Маалыматка караганда, юристтин үстүнөн жарым жыл мурда арыз жазылган. Бирок эмнеге айыпталып жатканы айтылган жок. Ал Бишкек шаардык милициясына берген сурактан кийин кармап, убактылуу кармоо жайына киргизишти.

Жолдошун сурактан кийин убактылуу кармоо жайына “калтырып” коюшканын жубайы Раушан Айткулова дагы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, ал акыркы учурда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болуп жүргөн. Буга чейин Айткулов президентке, премьер-министрге кайрылып, Курсан Асановго байланыштуу иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматынан четтетүүнү суранган.

Количество просмотров: 20