Бишкек шаардык кайгуу милициянын маалыматына ылайык, 19-январда Toyota Estima унаасынын күбөлүгү жок мас айдоочусу милиция кызматкеринин унааны токтотуу боюнча мыйзамдуу талабына баш ийбей, кызматкердин бирин капотунда 50 метрден ашык аралыкка чейин сүйрөп кеткен.
Бул факты каттоого алынып, айдоочу 1986-жылы туулган Т.И. Ленин райондук ИИБге жеткирилген. Ага карата «Майда бейбаштык» беренеси менен протокол түзүлүп, андан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ички иштер органдары айдоочуларды мыйзам талаптарын жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так сактоого чакырат.