Бишкекте айдоочу электрондук самокат тээп бараткан өспүрүм кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-апрелде, саат 11:20лар чамасында 23 жаштагы Nexia автоунаасынын айдоочусу А. Токомбаев көчөсү менен күн батышты көздөй баратып жөө өтмөктөн электрондук самокат тээп өтүп бараткан 16 жаштагы өспүрүм кызды сүзүп алган.
Кырсыктан жабыркаган кыз шаардагы №3-ооруканага жеткирилген.
Ал эми айдоочунун автоунаасы айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.