• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте айдоочу жөө адамды өлтүрө сүздү 

2 Баш оона 2023 14:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында автоунаа жөө адамды өлтүрө сүздү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-август күнү саат 06:30дар чамасында айдоочу А.М. өзүнүн Хонда-Фит автоунаасы менен Анкара көчөсүнөн чыгыш багытка бара жатып, жол жээкте турган жөө жүргүнчүнү сүзгөн.

Жөө жүргүнчү 63 жаштагы К.М. жол транспорт кырсыгы болгон жерде алган жаракатынан улам каза болгон. Бул окуя боюнча шектүүнүн унаасы айып короого токтотулуп тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 232