Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.
Бишкектин борборунда жөө кишини машина коюп кетти. Бул тууралуу “Sputnik Кыргызстан” агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, кырсык 30-июнь күнү, саат 21:00дөр чамасында Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде катталган. Анда Honda Fit үлгүсүндөгү таксинин айдоочусу жөө кишини сүзүп, 15 метрдей аралыкка сүйрөп кеткен. Жабыркаган жөө жүргүнчүгө тез жардам чакырылып, ооруканага жеткирилген.
Ал эми катталган кырсык боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы айтылган.