• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Бишкекте Айгүл гүлү гүлүн ачты

30 Жалган куран 202311:25 Бишкек Govori.TV

Гүл жана жасалга өсүмдүктөр лабораториясында Айгүл гүлү гүлүн ачты. Бул тууралуу Бишкектеги Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактан билдиришти.

Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачып, ал эки жумага гана созулат.

Белгилей кетсек, «Айгүл-Таш» мамлекеттик коругунун аянты 253,9 гектарды түзөт. Ал жерде аты аталган, дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү өсөт. Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин, кийинчерээк 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Количество просмотров: 485