• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте айт намаз эски аянтта окулбайт

11 Бугу 2021 23:26 Бишкек Govori.TV

Бишкектин эски аянтында майрамдык айт намаз окулбай турган болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Чечимге ылайык, аймактарда Орозо айт намазы мечиттерде гана окулат. Ал эми Бишкек шаарында Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгы белгилеп берген мечиттерде гана санитардык-эпидемиологиялык шарттар толук сакталуу менен окулат.

Намаз убактысы эртең мененки 7:30дан 8:00гө чейин белгиленди. Айт намазына келген ар бир жарандан коомдук коопсуздукту сактоону Дин иштери комиссиясы өтүнөт.

«Айт намаз муфтият белгилеген мечиттерде гана санитардык эрежелерди сактоо менен окулат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 172