• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте акча опузалаган «жалган милиционер» кармалды

3 Бугу 2022 14:56 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкектин «Чыгыш 5» кичирайонунан «жалган милиционерди» кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кармоо Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү («Опузалап пара талап кылуу») менен каралган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

И.С. аттуу жаран алдамчылык жолу менен өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катарында тааныштырып, Бишкек шаарынын тургунун камакка алынарын айтып, коркутуу жолу менен 150 миң сом акча опузалап талап кылган. Жабырлануучу ИИМге кайрылганга чейин И.С. андан 130 миң сом алгандыгы аныкталган.

2-майда Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын прокуратурасы менен биргеликте И.С. жабырлануучудан 15 миң сом алып жаткан учурда колго түшүргөн.

Учурда Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык шектүү убактылуу кармоочу жайына кармоо жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 192