• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Бишкекте акимчиликтин кызматкери пара менен кармалды

17 Кулжа 201911:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.06.2019.Govori.TV.

Бишкектин Октябрь райондук акимчилигинин кызматкери пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу 17-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Финполго ишкер адам кайрылып, акимчиликтин экономика жана каржы бөлүмүнүн сектор башчысы ай сайын акча талап кылып келатканын айткан.

10-июнда ал кызматкер иш бөлмөсүнөн 14 миң сом алып жаткан жерден кармалган.

Баштапкы иликтөө учурунда акимчиликтин кызматкерлери ишкерлерден ай сайын 100 миң сомдой акча жыйнап жүргөнү аныкталды.

Кылмышка шектүү кызматкер Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.

Количество просмотров: 12