• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Бишкекте активист Татьяна Медведева кармалганы айтылды

26 Чын куран 202314:49 Бишкек Govori.TV

Активист Татьяна Медведеваны милиция кармап кеткенин «Каршылык» уюму кабарлады. Ал 1-майда боло турчу пикетке байланыштуу кармалышы мүмкүн. Буга чейин уюм пикет өткөрүлөрүн билдирген болчу.

«Каршылыктын» маалыматына ылайык, Медведева борбор калаанын Биринчи май РИИБге жеткирилген.

«Биздин “Каршылык” жаш оппозициялык уюмубуз 1-майда пикет өткөрүлө турганын жарыялаган болчу. Анда өлкөдө айлык акы көтөрүлсүн, иш жана окуу ордунда ыдык токтотулсун деген негизги талаптар айтылмак. Тек гана ушундан улам уюмдун үзөңгүлөшүнө бийлик тараптан басым-кысым болуп жатат», — деп билдиришти уюмдагылар.

Милиция маалымат такталып жатканын билдирди.

Теги:
Количество просмотров: 119