2-августта түштө Бишкек шаарында коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү менен айдоочунун ортосунда чыр чыккан. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришти.
Айдоочунун айтымында, эки аял «Дордой Моторс» базарынын аймагында автобустан тыюу салынган жерден түшкүсү келген. Айдоочу аялдамага токтобой койгондо, аялдар ага муштум менен кол салышкан.
Кадрларда башында бир аял айдоочуну сумка менен урганы, андан кийин экинчиси ага кол салып, автобустан чыгып жатканда эшик менен кысып койгонун айтканы көрүнүп турат.
Айдоочу өзү видеого түшүндүрмө берип жатып, жарандарды белгиленген эрежелерди сактоого жана бири-бирин сыйлоого чакырды.