Бишкекте автоунааны эвакуациялаган фирмага кылмыш иши козголду
Бишкекте автоунааны эвакуациялаган фирмага кылмыш иши козголду
27 Жетинин айы 2018 9:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.11.2018.Govori.TV.
Башкы прокуратура Бишкек шаарында автоунааларды эвакуациялаган фирмага байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 166-беренелери (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, «Алдамчылык») боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемеси кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, тергөө учурунда Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы борбор калаада автомашиналарды ташуу кызматына тендерди мыйзамсыз өткөргөнү аныкталды. Алгач бул кызматтын наркы 1 сом деп көрсөтүлүп, кийин бир фирма менен 1 350 сомго келишим түзүлгөн.
Мындан сырткары 2018-жылдын июнь айында ыкчам издөөнүн натыйжасында эреже бузгандыгы үчүн айып короосуна ташылып келинген автоунаалар тиешелүү жазана төлөбөй чыгарылып жиберилгени такталды. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Текшерүү иштерин Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы менен чогуу жүргүзгөн. Ишти тергөө тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.
Бишкек шаарында мурдараак токтоп калган, уруксат берилбеген жерге токтотулган автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо быйыл январь айында кайра башталган. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы автоунааларды мажбурлап ташып кетүү кызматын тендерден утуп алган “Портал групп” фирмасы ишке ашыраары айтылган. Бир автоунааны эвакуациялоонун чыгымы 1350 сомду түзөт жана бул сумманы эреже бузган транспорт ээси төлөйт.
Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн «Газпром» мектебине чейин улантуу жолунун курулушу башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жол …