• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Бишкекте аял менен эркектин урушу жол кырсыгы менен аяктады (видео)

2 Жалган куран 202311:37 Бишкек Govori.TV

Бишкекте аял менен эркектин урушу жол кылсыгы менен аяктады. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Видеонун авторунун айтымында, жеңил унааны башкарып бара жаткан аял менен унаанын үстүнө жармашып бара жаткан эркектин ортосунда уруш чыккан.

Ошондой эле тасмада айдоочу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып арыкка кирип кеткени, унаадан чыккан кыз «Куткаргыла!» деп кыйкырып жолдон эркек кишиден качып бара жатканын көрүүгө болот. Андан соң эркек анын артынан чуркап келип, жолдун так ортосунда аны сабап баштаган. Ал эми башка жарандар арачага түшкөнүн да көрүүгө болот.

Эскертүү! Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар…

Количество просмотров: 13833