• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте аял сууга боюн таштоого аракет кылды

23 Бештин айы 2022 15:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматкерлери өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды (аял киши) куткарып калды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, окуя 22-декабрда болгон. Аял киши өз өмүрүн кыймакчы болуп, көпүрөдөн сууга боюн таштоого аракет кылган.

«Башкармалыктын кызматкерлери күнүмдүк жумушка кечки авто кайгуулдоо багытына бөлүнүшүп, Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, адатынча кызмат өтөп жатышкан учурунда байкап калышкан. Кызматкерлер көп ойлонуп турбастан, ошол замат алып чыгышып, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1675