• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте аялдамаларды жууп-тазалоо иштери жүрүүдө

2 Чын куран 2024 10:01 Бишкек Govori.TV

Бишкекте аялдамаларды жууп-тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсүн бойлой Манас проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин аялдамалар жууп-тазаланды.

Ошондой эле Жибек-Жолу проспектисинде Абдрахманов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин аялдамалар жуулду.

Мындан тышкары, Манас проспектисин бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Ормон хандын эстелигине чейин (Ажыбек баатыр көчөсү) жууп-тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Жууп-тазалоо иштери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 63