• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Түз эфир: Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршына» чыккандарды милиция кармап кетти

8 Жалган куран 202012:25 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршына» чыккандарды милиция кармап кетти. Алар жүрүштү баштоо үчүн саат 12:00дө Жеңиш аянтына чогулушкан. Алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, ортодо чыр чыккан.

Милиция кармап кеткендердин арасында укук коргоочу Рита Карасартова, активист Алтын Капалова бар экени кабарланды. Аларды автобустарга салып кетишти.

Аялдардын эл аралык күнүнө карата аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылган жүрүш өтмөк. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жаткан.

Буга чейин жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген. Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө өтүнүчүнө ылайык кабыл алынган.

Бирок Бишкек мэри Азиз Суракматов коомчулуктун пикирин эске алып, борбор калаанын айрым райондорунда тынч жыйындарга тыюу салуу чечимине каршы экенин маалымдаган.

https://www.facebook.com/april.tv.ru/videos/634461273763639/
Количество просмотров: 230