Бүгүн, 8-мартта Бишкектеги Жеңиш аянтында «Аялдардын тилектештик маршы» өтүүдө.
Марш учурунда калпак кийген 15 жаран келип жөө жүрүшкө чогулган катышуучулар менен ортодо пикир келишпестик орун алды. Натыйжада аларды милиция кызматкерлери таратышты.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын бийлиги буга чейин жыл сайын 8-март майрамына карата өтүүчү «Аялдардын тилектештик шаарчасы» аттуу тынчтык маршын өткөрүүгө тыюу салган.