• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте аялды колун кесип, үтүк менен чаап жиберген жаран кармалды

7 Үчтүн айы 2021 21:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын тургунун чогуу жашаган аял бычак менен колун кесип, үтүк менен чаап жиберген. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-январда Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринде жарандар урушуп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1973-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда уруштун айынан арыз ээсин чогу жашаган айым бычак менен колун кесип, үтүк менен чаап жиберген.

Жазылган арыздын негизинде кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Ж.Э. аттуу айымды кармашып, Ленин райондук Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Теги:
Количество просмотров: 120