• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Бишкекте азанчылардын республикалык мелдеши өтүүдө

27 Чын куран 201910:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.04.2019.Govori.TV

Бишкектеги имам Сарахси атындагы борбордук мечитте азанчылардын республикалык сынагы башталганын муфтият кабарлады.

Бул күнү өлкө аймагынан тандалган 27 азанчы ат салышып, күчүн сынап көрмөкчү.

«Мелдеш өлкөбүздө алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Тандоо турунда үч жеңүүчү аныкталат. Буга чейин ар бир облустан үчтөн жеңүүчүнү аныктап, республикалык мелдешке жолдомо ыйгарылган. Таймаштын жеңүүчүсү Умра сапарына жолдомо алат, калган эки орунга баалуу белек-бечкектер берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, азанчылардын мелдеши Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 2018-жылдын ноябрь айында башталып, 2019-жылдын 27-март күнү облустук тандоо туру өткөн. Сынакка жалпысынан 1000ге чукул азанчы катышкан.


Количество просмотров: 29