• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте бүгүн “Оймо” фестивалы башталат

25 Теке 2019 10:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.07.2019.Govori.TV.

 25-июлдан тартып,  Бишкекте эл аралык «Оймо» фестивалы башталат. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, саамалык Курманжан Датка аянты, «Эмен багы» галереясы, Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залы жана Г.Айтиев атындагы Улуттук Көркөм өнөр музейинде 28-июлга чейин  өтүп, 30-июлдан 4-августка чейин Ысык-Көл облусунда уланат.

«Оймо» эл аралык фестивалга кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз этникалык диаспоралардын өкүлдөрү, студенттер, жаштар, Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларынын тургундары жана меймандары катышат.

Фестивалдын алкагында «Белдемчи» флэш-мобу, креативдүү жаштардын презентациялары, музыкалык топтордун жана манасчылардын концерти, анимациялык фильмдердин жана тарых жана маданият темасындагы клиптер көрсөтүлөт.

Кошумчалай кетсек,  «Оймо» фестивалы Кыргызстанда 14-жолу өткөрүлүп жатат.

Количество просмотров: 15