• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте бала саткан гинекологдордун ысымдары ачыкталды

17 Аяк оона 201813:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.09.2018. Govori.TV
Ушул жылдын 7-сентябрь күнү жаңы төрөлгөн ымыркайды сатып жаткан жеринен мамлекеттик ооруканалардын биринде иштеген гинекологдор кармалганы боюнча маалымат тараган болчу. Алардын үчөөсү  №1 тергөө абагына киргизилип, экөөсү өлкөнүн аймагынан чыкпоосу сунушталган.
Жалпысынан кылмышка 8 адам шектелип, алардын ичинен беш адам күнөөлөрүн моюнга алышкан. Кармалган медайымдар буга чейин да жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатып келишкен, алардын экөөсүнүн  аты-жөнүн да ачыктады.
Шектүүлөр буга чейин дени сак төрөлгөн наристени ата-энесине «балаңар чарчап калды» — деп, башка наристени көрсөтүп кутулушчу экен. Кармалган кызматкерлердин бири №18-поликлиникада иштээри анык болду.
Маалыматка таянсак, Э.Ч  аттуу кызматкер №1 тергөө абагына киргизилген. Ал №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштечү. Мед айым кармалган учурда унаасынын багажынан түйүлдүктөр табылган. Андан сырткары 2014-жылы да Э.Ч так эле ушундай факт менен кармалган. Бирок ал ишти прокуратура жаап салган.
Ошондой эле Ж.Ө аттуу кызматкер Бишкектин аймагынан чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган. Экөө тең мамлекеттик кызматынан сырткары жеке менчик клиникалардын биринде иштеп келишкен.
ИИМдин маалымат кызматы аталган факттын негизинде «Адам сатуу» беренеси менен кылмыш иши козголгондугун, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди. Бизге жеткен ишенимдүү маалыматтар боюнча М.А аттуу аял бала багып алууну көздөп, тааныш гинеколог дарыгери Ж.Ө кайрылат.
Ж.Ө өз кезегинде кесиптеши Э. Ч айтып, алар жаңы төрөлгөн ымыркайды ага беришмек болушат. Жаңы Конуштардын биринде жашаган М.Анын үйүнө ымыркайды алып барышып, 1300 АКШ долларын сурашат. М.А алардын сунушуна макул болуп, аларга акчаны беришет.
Бирок, арадан көп өтпөй, наристе катуу ооруп, ооруканада чарчап калат. Берки гинекологдор М.Ага башка наристе таап беришип, ага туулгандыгы тууралуу күбөлүккө М.А менен анын жолдошунун атын жазып беришкен. Коомчулукта, Медицина тармагындагы мындай чуулгандуу иштерди карабай Саламаттыкты сактоо министрлиги эмне жумуштарды аткарып жатат?! — деген сууроо жоопсуз калууда. Коомго кайдыгер эмес жарандар аларга өлүм жазасын колдонууну сунуштап жазып жатышат.
Количество просмотров: 121