Бишкекте башкы балаты жандырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Чогулган шаар тургундарына майрамдык кече уюштурулуп кыргыз эстрадасынын ырчылары Арсен, Толгонай Арзыкеева, Омар, Гүлжигит Калыков жана Кайрат Примбердиев ыр тартуулашты.
Ал эми балаты оттун мэр Азиз Суракматов менен Бишкек шаардык кеңештин депутаты Лев Васильев жандырды. Балатынын узундугу 27 метрди түзөт.