• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бишкекте басма сөз күнүнө арналган жыл сайын өтүүчү өнөктөштүк медиаконференциясы болуп өттү

13 Жетинин айы 2020 16:02 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган жыл сайын өтүүчү өнөктөштүк медиаконференциясы болуп өттү.

Маалым болгондой жыйын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин уюштуруусу менен, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кенсесинин, Европалык Кенештин “Медиа Диалог” долбоорунун, “Ачык коом ачык ЖМК” долбооорунун жана Медиатармакты өнүктүрүү борборунун колдоосу менен ишке ашырылды. Жолугушууга салтка айлангандай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана эл аралык уюмдардын екулдеру, мамлекеттин мекемелеринин пресс-катчылары жана жарандык активисттер катышты.

Иш-чаранын катышуучулары короновирус инфекциясынын дүйнө жүзүнө жайылышынын шарттарында Кыргызстандагы маалымат чөйрөсүндөгү актуалдуу, маанилуу маселелерди жана маалыматтык саясат тармагында концептуалдык документти иштеп чыгуу, кабыл алуу, журналисттердин коопсуздугу, социалдык тармактардын жана интернеттин өлкөдөгү саясий процесстерге тийгизген таасирин талкуулашты.

Кошумчалай кетсек, куттуктоо сөзүндө Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн мамлекеттин жана жарандык коомдун өнүгүшүнө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык билдирип, аларга чыгармачылык ийгиликтерди, ыкчамдуулукту жана объективдуулукту, ошондой эле өз ишине берилгендикти каалады.

Количество просмотров: 46