• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте белгилүү комузчу Самара Токтакунованын концерти өтөт

2 Бештин айы 2022 13:57 Бишкек Govori.TV

 Эртең, 3-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында СССРдин жана КР эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунованын “Комуз жана Самара” аталышындагы 60 жылдык мааракелик концерти өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концертке Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери жана белгилүү ырчылар катышат.

Концерт кечки саат 18:30да башталат.

Белгилүү болгондой, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, комузчу Самара Токтакунова — Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Манас” ордени жана “Даңк” медалынын ээси, Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы жана ошондой эле көптөгөн эл аралык наам, сыйлыктар менен сыйланган.

Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган.

15 жашынан баштап комузда кол ойноткон Самара Токтакунова Токтогул Сатылганов, Ыбрай Туманов, Карамолдо Орозов, Муратаалы Күреңкеев, Атай Огомбаев, Шекербек Шеркулов өңдү залкарлардын күүлөрүн чертип, элге таанылган.

Ошондон бери колунан комузун түшүрбөй, кыргыз сахнасынын көркү болуп, татыктуу өмүр сүрүп келет.

СССРдин эл артисти чыгармачылыгынын аркасы менен дүйнөнү түрө кыдырган. Түрдүү эл аралык сынактарга катышып, концерт коюп КМШ өлкөлөрүнөн сырткары, Вьетнам, Швейцария, Монголия, Түркия, Куба, АКШ, Канада, Кытай, Финляндия, Египет, Япония, Дания, Мексика, Белгия, Германия, Норвегия, Голландия, Францияга чейин барган.

Комузчулуктан тышкары талант ээси Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо кафедрасынын профессору. 40 жылдан ашык убакыттан бери аталган окуу жайда окутуучулук менен алектенип, бир канча шакирттерди тарбиялады.

Алардын алды өлкөнүн эмгек сиңирген артисти болсо, арты маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү болгонго чейин жетишкен.

Количество просмотров: 87