• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте “Би-2” тобунун концерти болбой калды

15 Кулжа 2023 18:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 18-июнга белгиленген “Би-2” эстрада тобунун концерти болбой калды. Бул тууралуу Vi project kg компаниясынын Инстаграмдагы баракчасына жарыяланды.

Компания концерт белгисиз себептерден улам болбой калганын жазды. Ал эми сатылган билеттердин акчасы элге кайтарылган.

Аталган топтун концерти 18-июнда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтмөк. Билет баасы 5500 сомдон 12 000 сомго чейин болчу.

Беларус жана орусиялык артисттерден куралган “Би-2” рок-эстрада тобу 2022-жылы августта Орусияда “тыңчы” тобуна киргизилген.

Количество просмотров: 128