Бишкекте бир катар автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрөт (тизме)
Бишкекте бир катар автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрөт (тизме)
16 Чын куран 202512:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек шаарында Курманжан датка көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, 20-апрелден тартып аталган көчөнүн Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери менен жол катмарын реабилитациялоо башталат.
Буга байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын схемалары убактылуу өзгөртүлөт:
№34 автобус каттамы төмөнкү маршрут боюнча жүрөт: Курманжан датка көчөсү — Жибек-Жолу проспектиси — Ибраимов көчөсү — Чүй проспектиси;
№35, №45 жана №254 автобус каттамдары: Жибек-Жолу проспектиси — Лермонтов көчөсү — Чүй проспектиси боюнча жүрөт; -169 автобус каттамы Фрунзе — Гоголь — Чүй проспектилери боюнча багытталат;
№51 автобус каттамы Курманжан датка — Салиева — Гоголь — Чүй көчөлөрү боюнча жүрөт;
№8Т, №48, №100 жана №101 автобус каттамдары Курманжан датка — У. Салиева — Сүйүмбаев көчөсү — Чүй проспектиси боюнча жүрөт;
№104 жана №146 автобус каттамдары Фрунзе көчөсү— Сүйүмбаев көчөсү — Чүй проспектиси боюнча багытталат;
№175 автобус каттамы Жибек-Жолу проспектиси — Суюмбаев көчөсү — Чүй проспектиси боюнча жүрөт.