Свердлов акимиаты Бишкек шаарындагы ири кафелердин өкүлдөрү менен келишим түздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ленин жана Свердлов райондук акимчиликтеринин өкүлдөрү шаардагы ири кафелердин жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, алар менен өз ара түшүнүшүү келишимин түзүп, ысырапкорчулук менен өтө турган үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү жана тажияларды өткөрбөөгө макулдашышкан.
«Арасында «Жибек-Жолу», «Фаризат», «Мансур» кафелеринин, «Гранат» чайканасынын, «Ават» банкет залынын жана башка чоң кафелердин жетекчилери бар. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кафе-ресторандардын өкүлдөрү президенттин «Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу каада-салттарын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууга багытталганы айтылды»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров өткөн жылы «Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу каада-салттарын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.