Милиция кызматкерине пара сунуштаган блогер кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 22-июнь күнү Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматына Б.А., аттуу жаран арыз менен кайрылган, анда социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу (блогер) «Абай» аттуу жаран жабырлануучунун уюлдук телефонуна чалып, Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан «Даамдуу» коомдук тамактануу жайына журналисттик иликтөө жүргүзүп, бир катар санитардык нормаларды бузуу фактыларын аныктаганын билдирген ошону менен бирге мыйзам бузууларды коомчулукка жарыялабоо үчүн аны коркутуп 100 миң сом акча каражатын берүүнү талап кылган.
«Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш аракеттеринин жыйынтыгында шектүүнүн өздүгү аныкталып, 2000-жылы туулган К.А.,аттуу шектүү, жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринин негиздөөчүсү Бишкек шаарынын Тергөө кызматына жеткирилген. Бирок шектүү, К.А., маселени материалдык ыраазычылык менен чечүүнү сунуштап 100 000 сом акча каражатын берип жаткан жеринен Бишкек ШИИББнын ЭММКАК жана Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан кармалаган. Кыргыз Республикасынын 345 (Пара берүү), 208 беренелерине (Опуза талап кылуу)ылайык кылмыш иши козголгон жана Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган», — деп жазылат маалыматта.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө