• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте ботаникалык бактан өрт чыкты

9 Баш оона 202215:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Өрт кырсыгы катталган дарекке саат 14:12де Октябрь райондук өрткө каршы бөлүмдөн 1 бөлүм, кошумча саат 14:33тө Октябрь райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Тилсиз жоо 15:02де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 312