• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте үч жарандан 22 кг баңгизат алынды

29 Бештин айы 2021 12:03 Бишкек Govori.TV

Бишкекте үч жарандан 22 кг баңгизат каражаты алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери сотко чейинки материалдардын өндүрүшүндө каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу каналын жок кылды.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Эркин-Тоо көчөсүндө И.М.нын “Форд Фокус” автоунаасы токтотулган. Аталган автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда жүк салуу бөлүмчөсүнүн ичинен кочкул-жашыл түстөгү, табигый өстүрүлгөн, кургатылган чөп сыяктуу кендирдин өзгөчө жыты бар, марихуана баңги каражатына окшогон зат салынган полиэтилен баштык табылган.

Андан сырткары, автоунаанын ичинде отурган Ж.Н. аттуу жүргүнчүгө тинтүү жүргүзүү учурунда жанындагы өздүк буюмдар салынган баштыкта сүйрү формадагы кочкул-жашыл түстөгү кендирдин өзгөчө жыты бар зат табылган.

И.М. аттуу жарандын жашаган жерине кечиктирилгис тинтүү жүргүзгөндө үйүнүн жер төлөөсүндө синтетикалык каптын ичинде гашиш баңги каражатына окшош, табигый өстүрүлгөн, кендирдин өзгөчө жыты бар, ачык-күрөң түстөгү күкүм сымал заты салынган 8 (сегиз) полиэтилен баштык табылып алынган. Кармалган И.М. аттуу жарандын түшүндүрмөсү боюнча, аталган жүктү ага Бишкек шаарына жеткирип берүүгө “Бусу” каймана аттуу киши берген.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында Ж.М. аттуу жаран кармалган.

Белгиленгендей, алынган баңги каражаттардын жалпы салмагы 22 кг түзгөн, азыркы учурда соттук-химиялык экспертиза даяйындалып, кармалган жарандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Количество просмотров: 143