• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте чаламандын чак түшүндө мушташкандарды милиция кармады

14 Бештин айы 2020 11:02 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Бишкек шаарындагы мушташ боюнча маалымат берди.

Биринчи май РИИБден билдиришкендей, окуя 11-декабрда болжол менен саат 14:00дө Дэн Сяопин көчөсүндөгү «Шинный центр» дүкөнүнүн алдында болгон. Мушташтын катышуучуларын №5 милициянын шаардык бөлүмүнө алып барышкан. Ал жерден П.Р. арыз менен кайрылып, жергиликтүү эки тургун аны сабап салышканын билдирген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталды.

«Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгында 2004-жылы туулган Б.Н. менен 1990-жылы туулган Ж.Э.нин аракеттерине юридикалык баа берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган мушташтын видеосу буга чейин социалдык тармактарга тараган. Алдын ала маалыматка караганда, мушташ жергиликтүү тургундар менен «Шинный центр» дүкөнүнүн администрациясынын ортосунда чыкканы жана ага жолду унаалар тосуп калганы себеп болгону айтылган.

Количество просмотров: 1358