• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте чет элдиктер үчүн сойкукана иштеп жаткан

13 Жетинин айы 202515:41 Бишкек Govori.TV

12-ноябрда Бишкекте караоке-бардын атын жамынып, интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун сойкукана жабылды. УКМКдан билдиришкендей, анда чет элдиктерге гана кызмат көрсөтүлгөн.

Сойкукана «Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин алкагында аныкталган.

Көңүл ачуучу жайдын ээси Ж.И. аттуу чет элдик жаран мыйзамсыз көңүл ачууну жеке өзү уюштурган. Ал бардын кардарлары үчүн социалдык жоопкерчилиги төмөн аялдарды тандап, көрсөтүлгөн кызматтардан пайда көргөн. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Имаратты тинтүүнүн натыйжасында баңгизатка окшош заттар, ошондой эле өзгөчө ири суммадагы накталай акча алынды.

Количество просмотров: 202