Бишкекте Эл аралык медициналык университетинде билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу социалдык тармакка видео тараган.
Ал эми бул маалыматты Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, болжолдуу маалымат боюнча, уруш Пакистандын жарандарынын ортосунда болгонун кабарлашты.
Ал эми окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатышат. Окуянын чоо-жайы такталууда.