• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте дөңгөлөктөр менен катализаторлорду уурдап жүргөн жаран кармалды

26 Үчтүн айы 2021 17:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекте авто унаалардын дөңгөлөктөрүн жана катализаторлорун урдоого шектүү жаранды кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-январда болжол менен саат 06:10 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Павлов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен дөңгөлөгүмдү чечип кетишти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Т.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсинин “Гольф 3” үлгүсүндөгү авто унаасынын 2 дөңгөлөгүн белгисиз жарандар чечип, уурдап кетишкен. Ошондой эле 14 миң сомдук зыян келтирген.

«Жазылган арыздын негизинде ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган К.А. аттуу жаранды дагы башка “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү авто унаанын катализаторун алуу максатында авто унаанын дөңгөлөктөрүн чыгарып жаткан жеринен кармалды. Шектүү Бирнчи май райондук Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Бирнчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 376