• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Бишкекте дааратканадан ымыркайдын сөөгү табылган

19 Чын куран 202319:39 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 16-апрелде Бишкектин Чыгыш автобекетинин аймагындагы дааратканадан ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылган.

Свердлов райондук миилциясынан билдиришкендей, жерине ыкчам-иликтөө тобу барып, ымыркай эркек бала экендигин жана бойдон түшүп калгандыгын аныкташкан.

Аталган факт Свердлов райондук милициясынын маалыматтык каттоо журналына катталды. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Количество просмотров: 86