• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы өспүрүм табылды

23 Аяк оона 20199:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Саид Бебеза табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өспүрүм 21-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында Жаш Гвардия бульварында жайгашкан бассейнден алыс эмес жерде жүргөндүгү аныкталып, аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, 18-сентябрь күнү Бишкектеги Свердлов РИИБине шаардын жашоочусу кайрылып, арызында уулу дайынсыз болуп жатканын жазган. Аны издөөгө  Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, Свердлов РИИБи жана Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тартылган.

Количество просмотров: 613