Кыргызcтанга келип, дайынсыз жоголгон франциялык кыз табылды. Бул тууралуу Facebook колдонуучу Мурат Исмаилов билдирип, өз баракчасына сүрөтүн коюп, минтип жазган:
“Балыкчыдан Чон Кеминге чейин жеткирип койдук. Аман-эсен эле экен. ”Чоң Кеминди кыдырып алып, бүгүн Бишкекке барам” деди. Күйөөсү Бишкекте экен, аны менен телефондон сүйлөштү»деп жазган Исмаилов.
Эске салсак, кечээ 17-октябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө Франциянын Пьер аттуу жараны байланышка чыгып, Флорентина аттуу курбусу ушул жылдын 9-октябрынан бери дайынсыз болуп жатканы айтылган.