Борбор калаада эки күн — 13-14 сентябрда «Руханий жибек жол. Азыркынын гуманисттик адаттары менен чакырыктары» деген аталыштагы эл аралык илимий-теологиялык конференция өтөт. Бул туурасында дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан кабарлашты.
Эл аралык конференцияга Россиянын, Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Эстониянын, Латвиянын өкүлдөрү жана муфтийлери катышат. Андан сырткары, окумуштуулар доклад жасап, эксперттик коомчулук өз пикирлери менен бөлүшөт.
Бул максаттагы жана форматтагы конференция алгач 2016-жылы Кытайдын Үрүмчү шаарында, экинчиси Казань шаарында (Россияда) болгон.